Испанияда поезд каттамдары токтотулду
Жумушчулар түн жарымынан баштап 23 сааттык иш таштоого чыгышты.
Испанияда Ренфе жана Адиф мамлекеттик темир жол компанияларынын жумушчуларынын иш таштоосунан улам 310 каттам токтотулду.
Ренфе жана Адиф жумушчу комиссияларынын профсоюзуна (CCOO) караштуу жумушчулар, 2016-жылы күчүнө кирген убактылуу кызматка кабыл алууну жокко чыгарууну жана жумасына 35 саат иштөөгө уруксат берүүнү талап кылып, түн жарымынан тарта 23 сааттык иш таштоого чыгышты.
Профсоюз менен Транспорт министрлигинин ортосунда келишим түзүлө албаганынан улам башталган иш таштоонун айынан 310 поезд каттамы токтотулду.
Иш таштоо баш калаа Мадрид жана Барселона сыяктуу ири шаарлардагы жогорку ылдамдыктагы поезд кызматтарынан тышкары, адамдар күнүмдүк жашоодо көп колдонгон шаар четиндеги кызматтарга да таасирин тийгизди.
Кээ бир темир жол станцияларында узун кезектер түзүлүп, Министрлик жогорку ылдамдыктагы поезддерде кеминде 73 пайыз, орто аралыктагы каттамдарда 65 пайыз жана жүк ташуучу поезддерде 25 пайыздык тейлөөнүн кепилдикке алынышы керектигин билдирди.