Европа Биримдиги Карлсонду жазаландыруу үчүн шашылбайт

Буга чейин жума сайын чыгуучу Newsweek гезити Европа Парламентинин учурдагы жана мурдагы мыйзам чыгаруучуларына шилтеме жасап, Карлсондун Европа Биримдигинин санкция тизмесине кошулушу мүмкүн экенин жазган.

2100256
Европа Биримдиги Карлсонду жазаландыруу үчүн шашылбайт

Европа Биримдиги америкалык алып баруучу Такер Карлсонго каршы санкция киргизүү маселесин талкуулаган жок.

Европа Биримдиги Комиссиясынын катчыларынан Петер Стано, Европа Биримдиги мекемелеринин Такер Карлсонго Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен маектешкени үчүн азырынча санкция салуу маселесин сүйлөшпөгөндүгүн айтты. Стано : «Бул журналистке санкция салуу тууралуу талкуулоого же сунуштун азыркы учурда  күн тартибибизде эмес экендигин  айта аламын»,- деди.

Европа Биримдигинин критерийлерине ылайык, кандайдыр бир адамга карата чектөө чараларын колдонуу үчүн бул адамдын Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирүү же туудуруу шарты  керек.

Буга чейин жума сайын чыгуучу Newsweek гезити Европа Парламентинин учурдагы жана мурдагы мыйзам чыгаруучуларына шилтеме жасап, Карлсондун Европа Биримдигинин санкция тизмесине кошулушу мүмкүн экенин жазган.



Тектеш кабарлар