Грузиядагы куралдуу кол салуу: 4 киши каза тапты
Кол салуучу кармалып, окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
2100113
Грузиянын Рустави шаарындагы базарда болгон куралдуу кол салууда 4 адам каза таап, бир адам жаракат алды.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, борбор шаар Тбилисиге болжол менен 40 километр алыстыкта жайгашкан Рустави шаарындагы «Стамбул» аттуу базарда бир шектүүнүн куралдуу кол салуу жасаганы белгиленди.
Кол салууда 4 кишинин каза тапканы, жараланган бир кишинин ооруканага жаткырылганы маалымдалды.
Кол салуучу кармалып, окуя боюнча иликтөө иштери башталды.