Зимбабве өлүм жазасын жокко чыгарууда

Зимбабвенин маалымат министри Женфан Мусвере билдирүү жасады.

2099292
Зимбабве өлүм жазасын жокко чыгарууда

Зимбабвенин министрлер кабинети, киши өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуучу мыйзамды жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Зимбабвенин маалымат министри Женфан Мусвере жергиликтүү басма сөз мүчөлөрүнө берген билдирүүсүндө, парламент тарабынан жиберилген жана 1 жылдан бери министрлер кабинетинде күтүп жаткан мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушунун кабыл алынганын жарыялады.

Мусвере мыйзам жоюлгандан кийин кылмышкерге өлүм жазасынын ордуна узак мөөнөттүү абак жазасын камтыган конституциялык өзгөртүүнүн киргизиле турганын айтты.

Британиянын колониялык доорунан калган өлүм жазасы 2005-жылдан бери өлкөдө бир дагы кылмышкерге берилген жок.



Тектеш кабарлар