Орусияга тыюу салынган продукцияны ташууга бөгөт коюу

Politico сайтынын маалыматына караганда, Евробиримдиктин комиссиясы мүчө мамлекеттерге санкциялардагы мыйзам мүчүлүштүктөрүн жоюуну талап кылган кат жолдоду.

2099694
Орусияга тыюу салынган продукцияны ташууга бөгөт коюу

Евробиримдик (ЕБ) мүчө мамлекеттерден "санкциялардын алкагында тыюу салынган продукциялардын Орусияга жөнөтүлүшүнө бөгөт коюуну" талап кылды.

Politico сайтынын маалыматына караганда, Евробиримдиктин комиссиясы мүчө мамлекеттерге санкциялардагы мыйзам мүчүлүштүктөрүн жоюуну талап кылган кат жолдоду.

Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис менен Евробиримдик комиссиясынын каржы кызматтары боюнча жооптуу мүчөсү Мейрад МакГиннесс кол койгон катта, ЕБ өлкөлөрүнөн Орусияга мыйзамсыз товарлардын агымына тез арада чара көрүүсү талап кылынды.

Катта Европа Биримдигине мүчө бардык өлкөлөрдүн тыюу салынган продукциялардын ташылышына жол бербөө үчүн шашылыш, биргелешкен жана чечкиндүү чараларды көрүүсүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурулду.

Товарлардын ташылышына бөгөт коюу үчүн көрүлгөн чараларга апрель айынын ортосуна чейин баа берилери жана фирмалардын санкциялардан кантип качканы тууралуу кеңири маалыматтын жакын арада бөлүшүлө турганы айтылды.

Катта Евробиримдиктин санкцияланган продукциялары алгач чет өлкөлөргө жөнөтүлүп, андан соң Орусияга кайра экспорттолгону же тыюу салынган продукциянын Евробиримдиктин тышында иш алып барган европалык фирмалардын филиалдары аркылуу ташылганы белгиленди.

Орусияга жөнөтүлгөн тыюу салынган продукциянын курал же ок-дары эмес экени, булардын аскердик максатта колдонула турчу продукция жана технологиялар экени маалымдалды.



Тектеш кабарлар