Нигерияда 88,4 миллион адам өтө жакырчылыкта жашайт

Нигериянын Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин туруктуу катчысы Темитопе Фадешеми өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлинин коркунучтуу экенин баса белгиледи.

2099562
Нигерияда 88,4 миллион адам өтө жакырчылыкта жашайт

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда 88,4 миллион адам өтө жакырчылыкта жашайт.  

Нигериянын Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу министрлигинин туруктуу катчысы Темитопе Фадешеми, өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлинин коркунучтуу экенин баса белгиледи.

Нигерияда болжол менен 88,4 миллион кишинин өтө жакырчылыкта жашаганын айткан Фадешеми, 2022-жылдан тарта өтө жакырчылыкта жашаган дүйнө калкынын 12,9 пайызынын Нигерияда экенин билдирди.

Африка континентиндеги мунай жана жаратылыш газ запастарына бай Нигерияда киреше теңсиздиги, террордук уюм Боко Харам жана куралдуу банда мүчөлөрүнүн кол салуулары экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

Экономикалык кризис жана коопсуздук маселелеринен улам оор шарттарда жашаган кээ бир нигериялыктар жакшы жашоо үмүтү менен мыйзамсыз жолдор менен Европага жетүүгө аракет кылууда.



Тектеш кабарлар