Хамастын сунушун четке каккан Нетаньяху армияга буйрук бергендерин билдирди

Нетаньяху Хамастын ок атышпоо сунушуна байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

2099227
Хамастын сунушун четке каккан Нетаньяху армияга буйрук бергендерин билдирди

Хамастын ок атышпоо сунушуна каршы чыккан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газада жер которгон палестиналыктар баш калкалаган Рефах аймагына кол салуу даярдыгы үчүн армияга буйрук бергендерин жарыялады.

Биньямин Нетаньяху ок атышпоо жана өз ара туткун алмашууну сунуш кылган Хамастын талаптарын кабыл алуунун Израиль үчүн жаңы кыргынга алып келерин жактап, армияга Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарына кол салууга даярданууга буйрук бергендерин билдирди.

Нетаньяху Хамастын ок атышпоо сунушуна байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

Газа тилкесиндеги израилдик туткундардын үй-бүлөлөрүнө кайрылган Нетаньяху, ХАМАСтын талаптарынын «реалдуу эмес» экенин баса белгилеп, туткундарды алып келүүнүн жалгыз жолунун аскердик кысым экенин, Хамастын талаптарын кабыл алуунун туткундарды бошотпой турганын жана тескерисинче жаңы кыргынга алып келе турганын жактады.

Израилдин премьер-министри Газага кол салуулардын бир нече айдын ичинде жыйынтык бере турганын айтып, максаттарынан кайтпай тургандарын белгиледи.

Нетаньяху Газанын түштүгүндө 1 миллиондон ашуун жер которгон палестиналык жарандар баш калкалаган Рефах шаары тууралуу да: «Израиль армиясына Рефах жана борбордук лагерлерде кол салууга даярданууну тапшырдык»,-деди.   



Тектеш кабарлар