Иран Стамбулдагы кол салууну айыптады

Кенани, кол салууда жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, каза болгон жарандын жакындарына көңүл айтты.

2099044
Иран Стамбулдагы кол салууну айыптады

Иран Стамбул сотунун алдындагы кечээки террордук кол салууну айыптады.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Стамбулдагы сот имаратынын алдындагы террордук кол салууну айыптап, өлкөсүнүн «терроризмдин коркунучтуу көрүнүшү менен күрөшүүдө дос жана бир тууган Түркия менен тилектеш экенин» айтты.

Кенани, кол салууда жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалап, каза болгон жарандын жакындарына көңүл айтты.

Чаглаяндагы Стамбул Адилет сарайынын алдындагы полиция бекетине ок аткан эки DHKP-C террористи өлтүрүлгөн. Кол салууда бир киши каза болуп, үчөөсү полиция кызматкери 5 киши жараланган.



Тектеш кабарлар