Италияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланууда

Италиянын Тоскана жана башка аймактарынан дыйкандар тракторлору менен конвой түзүшүп, Римди көздөй жыла башташты.

2098137
Италияда дыйкандардын нааразылык акциялары уланууда

Италияда Европа Биримдигинин (ЕБ) айыл чарба саясаттарына каршы нааразылык акциясын уланткан дыйкандар трактор конвою менен борбор шаар Римге бара жатышат.

Евробиримдиктин айыл чарба саясаттарына жана сектордогу баанын көтөрүлүшүнө реакция кылган италиялык дыйкандардын нааразылык акциялары өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.

Италиянын Тоскана жана башка аймактарынан дыйкандар тракторлору менен конвой түзүшүп, Римди көздөй жыла башташты.

Жакынкы күндөрдө Рим чек араларына жетүүсү күтүлгөн дыйкандардын акыркы апталардагы эң чоң нааразылык акциясын уюштурушу күтүлүүдө.

Дыйкандар баш калаанын борборуна тракторлору менен кирбей тургандарын, нааразылык акцияларын Римдин чет жакаларында өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Көптөгөн Европа өлкөлөрүндө уланып жаткан нааразылык акцияларына катышкан испан дыйкандары өлкө боюнча тракторлору менен жол тосуу митингин уюштурушту.

Испаниянын Севилья, Толедо, Гранада, Уэльва, Сарагоса, Сьюдад-Реал, Валенсия, Малага, Мурсия, Таррагона, Ллейда жана Мадрид сыяктуу көптөгөн шаарларында авто жолдорго чыгышкан дыйкандар, тракторлору менен кыймылды басаңдатып, маал-маалы менен жолду жаап турушту.

Германия, Франция, Испания, Нидерландия, Бельгия, Польша, Италия жана Венгрия сыяктуу Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүнүн дыйкандары ишке ашырылган айыл чарба саясаттарына каршылык көрсөтүшүүдө.

Дыйкандар сынга алган маселелердин арасында жаратылышты калыбына келтирүү максаттары, колдоо төлөмдөрүн кыскартуу, Орусия-Украина согушунан улам келип чыккан энергиянын, күйүүчү майдын жана жер семирткичтердин кымбаттыгы, Украинадан барган арзан дан азыктары жана сууну үнөмдөө чаралары бар.



Тектеш кабарлар