Америкалык республикачылар Израиль менен Украинанын бюджетин өзүнчө талкуулоого каршы...

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2097662
Америкалык республикачылар Израиль менен Украинанын бюджетин өзүнчө талкуулоого каршы...

АКШ администрациясы Конгресстин Өкүлдөр палатасында Израилге 17,6 миллиард доллар жардам жөнөтүү боюнча мыйзам долбоорун Украинага кошумча колдоодон көз карандысыз талкууланышын каалабайт.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Республикачылар Өкүлдөр палатасында жаңы киникалык саясий маневр жүргүзүүдө. Израилдин коопсуздугу ыйык болушу керек жана саясий оюндарда колдонулбашы керек»,-деди.

Жан-Пьердин айтымында, Жо Байдендин администрациясы «чек ара коопсуздугуна, украиналыктардын өзүн-өзү коргоо аракеттерине эч кандай салым кошпогон, ошондой эле Палестинанын карапайым калкын гуманитардык жардамдан ажыраткан бул тузакка чечкиндүү түрдө каршы турат».

Конгресстин мүчөлөрүнүн тобу жакында Израилге жардам берүү менен Украинаны колдоону айырмалаган демилге көтөрүштү. Демилге боюнча добуш берүү ушул аптада күтүлүүдө.

Сөз болгон документте Израилдин «Темир купол» жана «Давуддун салмоору» системалары учун запастык ок-дарылар үчүн 4 миллиард доллар, «Темир нур» лазердик системасын өнүктүрүүгө 1,2 миллиард доллар жана оккупациялык армиянын башка муктаждыктары үчүн 3,5 миллиард доллар бөлүнүп жатат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун авторлору артиллериялык системаларды жана окторду чыгаруучу линияны кеңейтүүгө 1 миллиард доллар жана Израилге берилген америкалык куралдардын запастарын жаңылоого 4,4 миллиард доллар берүүнү сунуштап жатышат.

Мыйзам долбоорунда Киевди колдоо тууралуу сөз болгон жок.



Тектеш кабарлар