Израилдин Газа тилкесине карата кол салууларына  120 күн болду

Израиль күчтөрүнүн Дейр ал-Белах менен түштүктөгү Рафахта 3 үйдү бомбалоосунун натыйжасында 18 киши шейит болгондугу билдирилди.

2097037
Израилдин Газа тилкесине карата кол салууларына  120 күн болду

Израилдин 7 -  октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында  эрте менен көпчүлүгү балдар жана аялдар болгон  19 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Палестинанын расмий маалымат агентти WAFAда берилген  кабарда : «Израиль күчтөрүнүн аскердик учактарынын Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр ал-Белах менен түштүктөгү Рафахта 3 үйдү бомбалоосунун натыйжасында 18 киши шейит болду»,- деп билдирилди.  

Кабарда Газа шаарынын батышында жайгашкан Наср районундагы бир палестиналыктын снайпердин огунан каза тапканы  белгиленди.

Газанын өнөр жай аймактары жана билим берүү имараттары да болгон көптөгөн жарандык аймактардын абадан жана кургактыктан катуу бомбалангандыгы маалымдалды.

Израилдин 7 -  октябрдан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында  кеминде  11 миң 500 бала, 8 миңи аял болгон  27  миң  131 палестиналык өлтүрүлдү жана  66 миң  287 киши жараланды.

Урандылар астында азыр да миңдеген сөөктүн бар экендиги билдирилип, эл баш калкалаган оорукана, билим берүү мекемелери бутага алынып, жарандык инфраструктура да кыйратылууда.



Тектеш кабарлар