Афинада Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин алдында жарылуу болду

Грек мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTнын кабарына караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:49да EFSYN гезитине телефон чалган ким экендиги белгисиз кишилер  40 минутанын ичинде Эмгек министрлигинин алдында бомба жарылгандыгын билдирди.

2097092
Афинада  Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин алдында жарылуу болду

Грециянын борбор шаары Афинада  Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин алдында бомбанын жарылуусу менен аймакка зыян келтирилди.

Грек мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTнын кабарына караганда жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:49да EFSYN гезитине телефон чалган ким экендиги белгисиз кишилер  40 минутанын ичинде Эмгек министрлигинин алдында бомба жарылгандыгын билдирди. 

Билдирүүдөн киийн полиция аймакта эвакуация иштерин баштатты жана жолду унааларга жапты.

Бир сумкага коюлган бомбанын түнү  01: 29да  жарылуусу менен министрлик жана айланасында зыян келип, каза болгон же жаралангандар болгон жок. 

ERTнин билдиргенине караганда жарылуунун жоопкерчилигин «Революциячыл таптык өзүн-өзү коргоо» деп аталган уюм моюнга алды.

 

 



Тектеш кабарлар