Путиндин Түркияга сапарында кайсы темалар каралат?

Дмитрий Песков Путиндин ушул айда өткөрүлүшү күтүлгөн Түркия сапарына байланыштуу борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

2096844
Путиндин Түркияга сапарында кайсы темалар каралат?

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин Түркияга сапарында экономикалык жана соода карым-катнаштары менен катар Украина баш болгон аймактык темалардын да карала турганын айтты.

Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада Путиндин ушул айда ишке ашуусу күтүлгөн Түркия сапарына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.

Песков так датасы аныкталган соң жарыялана турганын айткан сапарда кеңири чөйрөдөгү маселелердин талкуулана турганын кабарлап: «Албетте, биринчи кезекте Орусия-Түркия эки тараптуу карым-катнаштар жана соода-экономикалык кызматташтыгыбыз бар. Албетте, аймактык маселелер, анын ичинде Украина да ар дайым талкууланат»,-деди.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы соода карым-катнаштарына токтолгон Песков: «Түркия бул темада абдан принципиалдуу жана көз карандысыз позицияны карманган саналуу өлкөлөрдүн арасында. Биз менен соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууда»,-деп айтты.

Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков 29-январдагы билдирүүсүндө, Путиндин февраль айындагы Түркия сапарына даярдыктардын уланып жатканын маалымдаган. 



Тектеш кабарлар