Байден экстремисттик жөөт отурукташкандарга санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койду

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Байден Батыш Шериада коопсуздукту бузгандарга каршы даярдалган президенттик жарлыкка кол койду.

2096405
Байден экстремисттик жөөт отурукташкандарга  санкцияларды киргизүү боюнча  жарлыкка кол койду

Америка Кошмо Штаттарынын  президенти Жо Байден оккупацияланган Батыш Шериада палестиналыктарга каршы зомбулук көрсөткөн экстремисттик жөөт отурукташкандарга карата санкцияларды киргизүү боюнча президенттик жарлыкка кол койду.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда президент Байден Батыш Шериада коопсуздукту бузгандарга каршы даярдалган президенттик жарлыкка кол койду.

Жарлык менен оккупацияланган Батыш Шериада палестиналыктарга каршы зордук-зомбулук көрсөткөн экстремисттик жөөт отурукташкандар АКШ башкаруучулугунун санкцияларына дуушар болушат.

Санкция тизмесине киргендер Американын каржы системасынын ичинде транзакцияларды жасай алышпайт, бул өлкөгө виза ала алышпайт жана АКШдагы активдери  тоңдурулуп, америкалык жарандардын бул адамдар менен иш жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

Байден бул туралуу билдирүүсүндө Батыш Шериадагы коопсуздук жана ырааттуулуктун бузулбашы үчүн бул кадамды таштагандарын жана аймактагы палестиналыктарга каршы зомбулук аракеттеринин кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Бул темага байланыштуу жалпы жыйын өткөргөн Ак үйдүн жооптуусу, сөз болгон жарлыктын алкагында аты аталбаган 4 кишинин буга чейин санкция тизмесине киргенин айтты.

7 - октябрдан бери оккупацияланган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз жөөт отурукташкандардын кол салууларында кеминде 381 палестиналык каза болду.

 

 



Тектеш кабарлар