Лондондо химиялык кол салуу болду
Кол салууда 9 киши жаракат алды.
2095986
Британиянын борбор шаары Лондондун түштүгүндө «коррозиялык заттын» ыргытылышынын натыйжасында 9 киши жараланды алардын экөөсү бала.
Метрополитен полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө Лондондун түштүгүндөгү Клапхамда кылмышкери азырынча аныктала элек «коррозиялык зат» менен жасалган кол салууда 9 кишинин, анын ичинде 2 баланын жараланганы билдирилди.
Билдирүүдө бирөөсү аял болгон 4 чоң адам жана 2 бала менен 3 полиция кызматкеринин ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалды.
Детектив шефи Александр Касл да полициянын кол салган адамды кармоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонгонун белгилеп : «Бул коркунучтуу окуяга эмненин себеп болгонун аныктоо иштери уланууда»,-деди.