Японияда учактар кагылышты

Киодо расмий  агенттигинин маалыматына караганда, кырсык Итами аэропортунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.10до болгон.

2096230
Японияда учактар кагылышты

Японияда All Nippon Airways (ANA) авиакомпаниясына таандык эки жүргүнчү учагы Осака аэропортунда кагылышты.

Киодо расмий  агенттигинин маалыматына караганда, кырсык Итами аэропортунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.10до болгон.

Ички каттамдар терминалынын учуп  - конуу тилкесинде болгон кырсыкта экипаж жана жүргүнчүлөрдөн жаракат алгандар болгон жок, учактар аз зыян тартты.

2 -  январда да борбор шаар Токиодогу Ханеда аэропортунда ичинде  300дөн ашуун киши болгон бир жүргүнчү учагы конуу учурунда тилкедеги Жээк коопсуздук учагы менен кагылышып өрт чыккан. Өрттөнгөн учактагы жүргүнчүлөр эвакуацияланып, зыян тарткан кичинекей учактагы 5 киши каза болгон. 

 



Тектеш кабарлар