Израиль армиясы туннелдерге деңиз суусун толтуруп жатканын ырастады

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел-Кассам бригадаларына таандык кээ бир туннелдерге көп көлөмдөгү деңиз суусунун куюлгандыгы белгиленди.

2095613
Израиль армиясы туннелдерге деңиз суусун толтуруп жатканын ырастады

Израиль армиясы 7-октябрдан бери кол салууларын уланткан Газа тилкесиндеги кээ бир туннелдердин деңиз суусу менен толтурулгандыгы жөнүндөгү кабарларды ырастады.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел-Кассам бригадаларына таандык кээ бир туннелдерге көп көлөмдөгү деңиз суусунун куюлгандыгы белгиленди.

Жүргүзүлгөн инженердик иштердин алкагында насостор жана түтүктөр аркылуу туннелдерге суу толтурулгандыгы кабарланган билдирүүдө, топурак жана суу жолдору иликтенип жер астындагы суулардын бузулушуна бөгөт коюлганы айтылды.

Билдирүүдө: «Соңку жылдарда Израиль армиясы жана Израилдин коопсуздук органдары тарабынан колдонулган бул ыкма менен Хамастын Газа тилкесиндеги жер астындагы инфраструктурасына карай операциялар жүргүзүлүүдө» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар