Байден: «Жакынкы Чыгышта кеңири согуш керек эмес, бул биз издеп жаткан нерсе эмес»

Жо Байден Флоридадагы шайлоо өнөктүгү үчүн Ак үйдөн чыгып баратып, күн тартибине байланыштуу басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2095371
Байден: «Жакынкы Чыгышта кеңири согуш керек эмес, бул биз издеп жаткан нерсе эмес»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден: «Менин оюмча, бизге Жакынкы Чыгышта кеңири согуш керек эмес, бул биз издеп жаткан нерсе эмес»,- деди.

Жо Байден Флоридадагы шайлоо өнөктүгү үчүн Ак үйдөн чыгып баратып, күн тартибине байланыштуу басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Байден Сирия-Иордания чек арасындагы Америка базасына болгон кол салууга кандай жооп бере тургандарын чечкендерин айтты.

Кол салуу үчүн Иранды жооптуу деп эсептейби деген суроого ал: «бул чабуулду жасаган адамдарды курал-жарак менен камсыз кылгандыгынын алкагында аларды (Иранды) жооптуу деп эсептейм», - деди.

Кол салуунун Иран менен түздөн-түз байланышы ачыкка чыкса Иранды түздөн-түз жоопкерчиликке тартабы деген суроого Байден: «Муну талкуулайбыз»,-деп жооп берди.

Байден сөздөрүн: «Менимче, бизге Жакынкы Чыгышта кеңири согуш керек эмес, биз муну көздөбөйбүз»,-деп улантты.

АКШнын президенти Байден Сирия-Иордания чек арасындагы Америка базасына дем алыш күндөрү болгон кол салууга байланыштуу Улуттук коопсуздук кеңешин акыркы эки күндө үч жолу чогултуп, өлкөсүнүн бул кол салууга кандай жооп берерин талкуулады.

 



Тектеш кабарлар