Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурду

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө Сары деңизди көздөй канаттуу ракеталарды учурганы кабарланды.

2094876
Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурду

Түштүк Кореянын Башкы штабы, Түндүк Кореянын Сары деңизди көздөй канаттуу ракеталарын учурганын маалымдады.

Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, Түндүк Кореянын жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө Сары деңизди көздөй канаттуу ракеталарды учурганы кабарланды.

Билдирүүдө канаттуу ракеталардын саны, учуу аралыгы, багыты жана жеткен бийиктиги тууралуу маалыматтар бөлүшүлгөн жок.

Түштүк Кореянын кыраакылык күчүнүн жогорулатылганы белгиленген билдирүүдө: «Армиябыз Түндүк Кореянын провокацияларына көз салуу үчүн АКШ менен тыгыз кызматташууда», - деп айтылды.

Сеулдагы Йонхап маалымат агенттиги, мунун Түндүк Кореянын акыркы жумадагы үчүнчү канаттуу ракета сыноосу экенин кабарлады.

Түндүк Кореянын маалымат агенттигинин (KCNA) 19-январдагы кабарына караганда, Түндүк Корея январь айында, иштелип жаткан «Haeil-5-23» суу астындагы өзөктүк курал системасын сынаган.



Тектеш кабарлар