Пакистанда Имран Хан менен Шах Махмуд Курейши 10 жылдан абакка кесилди

Пакистан Адилеттик кыймыл партиясынын  басма сөз катчысы Сайед Зулкифар Бухари, Хан жана Курейшиге берилген абак өкүмдөрү боюнча жогорку сотко кайрыла тургандарын айтты.

2095152
Пакистанда Имран Хан менен Шах Махмуд Курейши 10 жылдан абакка кесилди

Пакистанда  "мамлекет сырларын ачуу" менен айыпталган жана камакка алынуу менен соттолгон мурдагы премьер  - министр Имран Хан жана тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши 10 жылдан абакка кесилди. 

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу менен соттолгон доодо 10 жылга эркинен ажыратылгандыгы тууралуу  сот чечимин  сот Равалпиндидеги Адиала түрмөсүндөгү Имран Хан менен Курейшиге оозеки билдирди. 

Пакистан Адилеттик кыймыл партиясынын  басма сөз катчысы Сайед Зулкифар Бухари, Хан жана Курейшиге берилген абак өкүмдөрү боюнча жогорку сотко кайрыла тургандарын айтты.

Имран Хан коррупциялык иштер боюнча козголгон доодо өзү тууралуу чыгарылган камоо чечиминен кийин 5 - августта  полиция тарабынан кармалып, түрмөгө жиберилген. 

3 жылдык абак жазасы 29 - августта кечеңдетилген  Хан күрөө менен бошотулган. Бирок, эртеси сот прокуратуранын өтүнүчү менен "мамлекеттик сырды ачкан" деп айыпталган Хандын камактагы мөөнөтүн узарткан.

Мурдагы  тышкы иштер министри Шах Махмуд Курейши 19-августта борбор шаар Исламабаддагы үйүндө кармалып, ушундай эле себеп менен түрмөгө жиберилген. 

 



Тектеш кабарлар