Кэмерон Палестина мамлекетин таануунун жолдорун айтты

Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Кэмерон кечээ кечинде борбор калаа Лондондо Консервативдик партиянын Жакынкы Чыгыш кеңеши тарабынан араб өлкөлөрүнүн элчилери катышкан кабыл алууда Израиль-Палестина маселесине токтолду.

2095339
Кэмерон Палестина мамлекетин таануунун жолдорун айтты

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон анын өлкөсү Палестина мамлекетин таануу маселесин карай турганын билдирди.

Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Кэмерон кечээ кечинде борбор калаа Лондондо Консервативдик партиянын Жакынкы Чыгыш кеңеши тарабынан араб өлкөлөрүнүн элчилери катышкан кабыл алууда Израиль-Палестина маселесине токтолду.

Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотуу үчүн Кэмерон палестиналыктардын “эки мамлекеттүү чечимге бараткан жолдон кайра кайтпас прогрессти көрүш үчүн саясий горизонтко” ээ болушу керектигин айтты.

Өлкөсүнүн Палестина мамлекетинин кандай болоорун ачыкка чыгаруу милдети бар экенин айткан Кэмерон, бул мамлекеттин эмнеден тураарын жана кандай иштей турганын аныктоого киришүүлөрү керектигин белгиледи.

“Мындай болгондон кийин биз союздаштарыбыз, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Палестина мамлекетин таануу маселесин талкуулайбыз. Бул процессти артка кайтарылгыс кылууга жардам бере турган нерселердин бири бул болушу мүмкүн", - деди Кэмерон.

Британ министри ошондой эле Израилди Газага гуманитардык жардамдын көбүрөөк келишине уруксат берүүгө чакырып, өтө маанилүү жардамдын чек арадан кайра жөнөтүлүп жатканы "күлкүлүү" экенин айтты.

Министр Кэмерон Израилдин жарандарына коопсуздукту камсыздай албаганы себептүү акыркы 30 жылдын «ийгиликсиз окуясы» болгонун, бирок бул ийгиликсиздикти кабыл алуу менен тынчтык жана прогресске жетише аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар