Канада Түркияга курал сатуудагы чектөөлөрүн жойду

Өкмөттүн расмий интернет сайтынан экспортчу фирмаларга жасалган билдирүүдө чектөөлөрдүн мындан ары күчүнүн жок экендиги белгиленди.

2095143
Канада Түркияга курал сатуудагы чектөөлөрүн жойду

Канада өкмөтү Түркияга сатууну каалаган коргоо өнөр жай фирмаларына карата  2020 -  жылдан бери ишке ашырган экспорт  чектөөлөрүн жойгондугун билдирди.

Өкмөттүн расмий интернет сайтынан экспортчу фирмаларга жасалган билдирүүдө чектөөлөрдүн мындан ары күчүнүн жок экендиги белгиленди.

Билдирүүдө 2020 -  жыл  16 -  апрелде Түркияга коргонуу өнөр жайы тууралуу белгилүү каражаттардын экспорттолушуна карата кайрылууларды четке кагуу саясатынын ишке ашырыла баштагандыгы эске салынып : «Бул билдирүү берилген күндөн тарта четке кагуу саясаты эми күчүндө эмес»,- деп айтылды.

Ок  - дары тизмеси да болгон экспортчу топтор тарабынан Түркияга жасала турган экспорт жана ортомчулук уруксаттары үчүн кайрылууларынын эми Канаданын тобокелдиктерди карап чыгуусунун алкагында ар бир учурга жараша изилдене турганы белгиленди.

Канада өкмөтү Армения оккупацияга алган Азербайжан жерлерине карата 2020  -  жылдын 27 - сентябрында башталган жана 44 күнгө созулган Экинчи Тоолуу Карабах согушунда Азербайжан тарапта болгондугу үчүн Түркияга курал эмбаргосун киргизген.



Тектеш кабарлар