АКШда мусулмандарга каршы окуялар көбөйүүдө

АКШда мусулмандар менен Палестинага каршы исламофобия боюнча арыздар өткөн жылга салыштырмалуу 178 пайызга өстү.

2095151
АКШда мусулмандарга каршы окуялар көбөйүүдө

Хамастын Израиль чек арасынан өтүп ишке ашырган  7 -  октябрдагы кол салуусунан бери АКШда мусулмандар менен Палестинага каршы исламофобия боюнча арыздар өткөн жылга салыштырмалуу 178 пайызга өстү.

АКШнын эң чоң Мусулман жарандык укуктарынын коргоочусу уюму Америка - Ислам Кызматташтыгы Кеңешинин өлкөдө акыркы айларда ылдам жогорулоого өткөн жек көрүү жана жикчилдик окуяларына байланыштуу маалыматтарды жарыялады.

Америка - Ислам Кызматташтыгы Кеңеши 2023 -  жылдын акыркы  3 айында  жалпы  исламофобиялык окуялар боюнча 3 миң 578 арыздын түшкөнүн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 178 пайыздык өсүү деген мааниге келгендигин баса белгиледи.

Бул арыздардын арасында  жумуш ордунда 662 басмырлоо, жек көрүү жана окуяларынын  472 жана билим берүү тармактарында бөлүүчүлүктүн да  448 окуя менен биринчи орунда турганын белгилеген Америка - Ислам Кызматташтыгы Кеңеши : «Мусулман жана Палестинага каршы жек көрүү толкуну уланууда»,-  деп баа берди.

АКШда Жо Байден башкаруусу  7 - октябрдан бери өлкөдө көбөйгөн мусулман жана еврейлерге карата жек көрүү сөздөрүнө каршы күрөшүү үчүн динге негизделген уюмдар жана топтор үчүн "коопсуздук колдонмосун" жарыялаган.

Президент Байден да билдирүүлөрүндө өлкөдө күчөгөн исламофобия жана антисемитизмди айыптаган.



Тектеш кабарлар