Түндүк Кореянын лидери канаттуу ракеталардын сыноо атууларын текшерди

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) Түндүк Кореянын лидери Кимдин жетекчилигинде жаңы ракетанын сыноодон өткөнүн билдирди.

2094660
Түндүк Кореянын лидери канаттуу ракеталардын сыноо атууларын текшерди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын суу астындагы кайыктардан учуруу үчүн иштелип чыккан «Пулхвасал-3-31» аттуу канаттуу ракетанын сыноо атууларын көрдү.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) Түндүк Кореянын лидери Кимдин жетекчилигинде жаңы ракетанын сыноодон өткөнүн билдирди.

 Кимдин Түндүк Кореянын алдыңкы чиновниктери менен бирге жаңыдан иштелип чыккан суу астынан учурулуучу «Пулхвасал-3-31» канаттуу ракетасын сыноо атууларына жетекчилик кылганы билдирилди.

«Сыноодогу ок атуу коңшу өлкөнүн коопсуздугуна таасир этпегени жана аймактык абалга эч кандай тиешеси жок» деп баса белгиленген.

Бийликтеги Жумушчу партиясына (WPK) жакын улуттук гезит «Родонг Синмун» эки башка ракета атылган учурду көрсөткөн сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттөрдөгү сууну жарып өткөн ракеталардын өткөн аптада Түндүк Кореянын батыш жээгинен биринчи жолу учурулган жаңы «Пулхвасал-3-31» тибиндеги ракеталар экени белгиленди.

Ошол эле учурда АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Йонхап маалымат агенттигинин Түндүк Кореянын өзөктүк иш-аракеттерине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Түндүк Корея ракеталык сыноолору менен кошо барган сайын «коркунучтуу» жана «жоопкерчиликсиз» аскердик аракеттерге киришкенин белгилеген катчы: «Биз Түндүк Кореяны мындан ары коркунучтуу иш-аракеттерден алыс болууга жана аны олуттуу жана туруктуу дипломатияга чакырабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар