Путиндин талапкерлиги бекитилди

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы, Владимир Путиндин көз карандысыз талапкер болуу арызы күн тартиби менен чогулду.

2094693
Путиндин талапкерлиги бекитилди

Орусиянын президенти Владимир Путиндин мартта боло турган президенттик шайлоого көз карандысыз талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилди.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы, Владимир Путиндин көз карандысыз талапкер болуу арызы күн тартиби менен чогулду.

Жыйында Путиндин талапкерлиги бекитилди.

Путиндин талапкерлиги үчүн борборго берилген 315 миң кол тамганын 60 миңи текшерилип, 91инин жараксыз деп табылганы айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы, Орус парламентинин төмөнкү палатасы Думадагы Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДПР) төрагасы Леонид Слуцкий, Коммунисттик партиядан (КПРФ) көрсөтүлгөн депутат Николай Харитонов, Жаңы Элдик партиясынын (Новие Люди) төрагасынын орун басары Владислав Даванковдун талапкерлигин буга чейин жактырган болчу.

Федерация Кеңеши декабрда, президенттик шайлоону 2024-жылдын 15-17-мартында өткөрүүнү чечкен.



Тектеш кабарлар