Ирандын билдирүүсү

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенанинин билдирүүсү Министрликтин интернет сайтында жарыяланды.

2094628
Ирандын билдирүүсү

Иран Сирия-Иордания чек арасында АКШ күчтөрүнө кол салууга байланыштуу аймактагы «каршылык көрсөтүү топторунун» Тегерандан көрсөтмө албаганын билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенанинин бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү Министрликтин интернет сайтында жарыяланды.

Кенани билдирүүсүндө: «Аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрү чечимдеринде жана иш-аракеттеринде Ирандан көрсөтмө алышпайт»,-деди.

Тегеран башкаруусунун кагылышуулардын аймакка жайылышын каалабаганын белгилеген Кенани, бул темада өлкөсүнө карата дооматтардын артында болсо «АКШны аймактагы согушка тартууну каалагандардын» турганын айтты.

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлчүлүгү да, АКШнын Сирия-Иордания чек арасындагы күчтөрүнө кол салуу менен эч кандай байланыштары жок экенин кабарлады.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA өлкөнүн БУУдагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө орун берди.

Билдирүүдө: «Ирандын бул кол салууга эч кандай тиешеси жок. Кагылышуу АКШ күчтөрү менен аймактагы каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы эки тараптуу жооп кайтаруу болуп саналат»,- деп айтылды.

АКШнын президенти Жо Байден, Иордания-Сирия чек арасындагы аскердик базага учкучсуз аппарат менен жасалган бир жактуу кол салууда 3 аскеринин каза болгонун кабарлаган. АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) да кол салууда 34 аскердин жараланганын билдирген.

Иордания өкмөтү америкалык аскерлерге кол салуунун өлкөнүн аймагында эмес, Сирия чек арасындагы Тенеф базасында болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар