Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкциялардын мөөнөтүн узартты

Евробиримдик буга чейин Орусияга каршы 12 санкция пакетин ишке ашырган.

2094767
Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкциялардын мөөнөтүн узартты

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга киргизген экономикалык санкциялардын мөөнөтүн 6 айга узартты.

Евробиримдик кеңеши, Орусиянын Украинадагы туруксуздаштыруучу аракеттеринен улам 2014-жылы башталган чектөө чараларынын мөөнөтүнүн 31-июлга чейин узартылганын жарыялады.

Билдирүүдө Евробиримдиктин санкцияларынын Орусиянын 2022-жылдын февраль айында Украинага кол салуусунан кийин олуттуу түрдө кеңейтилгени эске салынды.

Евробиримдик буга чейин Орусияга каршы 12 санкция пакетин ишке ашырган.

Орусияга каршы санкциялар соода, каржы, өнөр жай, технология, транспорт, эки жолу колдонулуучу жана кымбат баалуу буюмдарды да камтыган кеңири чөйрөгө жайылууда.

Орусиядан Европа Биримдигине деңиз аркылуу ташылган чийки мунайдын жана айрым мунай өнүмдөрүнүн импортуна тыюу салуу, кээ бир орус банктарынын SWIFT эл аралык төлөм системасынан чыгарылышы, көптөгөн телерадио мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу да санкциялардын арасында.

Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкцияларынын мөөнөтү ар 6 ай сайын узартылат.

Орусия 2014-жылдын 18-мартында Крым Автономиялуу Республикасы менен Севастополь шаарын мыйзамсыз аннексиялап алган.

Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды биринчи жолу 2014-жылы кабыл алган.



Тектеш кабарлар