Грузиянын премьер-министри кызматынан кетти

Гарибашвили борбор калаа Тбилисидеги өкмөт имаратында жасаган билдирүүсүндө кызматтан кеткенин билдирди.

2094829
Грузиянын премьер-министри кызматынан кетти

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматтан кеткенин билдирди.

Гарибашвили борбор калаа Тбилисидеги өкмөт имаратында жасаган билдирүүсүндө кызматтан кеткенин билдирди.

Түз эфирде элге кайрылуу жасаган Гарибашвили мындан 3 жылдай мурда экинчи ирет премьер-министрлик кызматка киришкенин эске салып, бул аралыкта эффективдүү иштерди жүргүзүшкөнүн айтты.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен өкмөттүн демократиялык принциптерди сыйлаганын, ошондуктан партияда ички ротация бар экенин белгилеген Гарибашвили отставкага кетүү менен башка адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөр берилиши керектигин баса белгиледи.

Гарибашвили эки башка мезгилде 5 жыл премьер-министрлик кызматта иштегенине көңүл буруп: «Мен өлкөбүзгө ак ниетим менен кызмат кылдым. Мен өлкөбүздүн, элибиздин кызыкчылыгын эч кандай компромисске калтырбай коргодум. Бул аралыкта команда менен бирге жетишкен натыйжаларыбыз менен сыймыктанам»,-деди.

Буга чейин 2013-жылы премьер-министр болуп иштеген Гарибашвили 2015-жылдын 23-декабрында кызматтан кеткен.

Грузин маалымат каражаттарында жаңы премьер-министрликке 45 жаштагы парламент депутаты, профессор доктор Ираклий Кобахидзе болору айтылууда.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы Кобахидзе 2016-2019-жылдары Грузия парламентинин спикери болуп иштеген.

Грузиянын Конституциясына ылайык, башкаруучу партия 1 жуманын ичинде жаңы премьер-министрликке талапкерди президентке сунушташы керек.



Тектеш кабарлар