Сандерс АКШга чакырык салды

Америкалык сенатор Сандерс The Guardian гезитиндеги макаласында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы менен Сенатынын Газадагы «олуттуу гуманитардык апаатты» көрмөксөнгө салганына көңүл бурду.

2094226
Сандерс АКШга чакырык салды

Көз карандысыз сенатор Берни Сандерс Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) Израилге жардам берүүнү токтотууга чакырды.                                                                                    

Америкалык сенатор Сандерс The Guardian гезитиндеги макаласында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы менен Сенатынын Газадагы «олуттуу гуманитардык апаатты» көрмөксөнгө салганына көңүл бурду.

АКШнын Нетаньяхуга анын мыйзамсыз согушун колдоо үчүн дагы бир доллар бербей турганын ачык айтышы керектигин белгилеген Сандерс: “Ачык айталы: Газада болгон окуя биздин жээктерибизден миңдеген чакырым алыстыкта ​​орун алган бактысыз трагедия эмес. Америка Кошмо Штаттары Израилге жыл сайын 3,8 миллиард доллар аскерий жардам көрсөтөт жана Газаны талкалаган бомбалар жана аскердик техникалар Америка Кошмо Штаттарында өндүрүлөт. Башкача айтканда, биз болгон окуяга шериктешпиз»,-деп айтты.

Сандерс командасынын Газада Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башка гуманитардык уюмдар менен жолукканын баса белгилеп, аймактагы гуманитардык жардамга жетүүнүн жакшыруусу болбосо, суусуздуктан, ачкачылыктан, ич өтүү, алдын ала турган оорулардын айынан көп кишинин өлүшү мүмкүн экенине көңүл бурду.

Сандерс болгондордун табигый кырсык эмес экенин белгилеп: “Бул Израилдин ашынган оңчул өкмөтүнүн лидери Биньямин Нетаньяху жана башка саясий лидерлер тарабынан жасалган тандоолордун түздөн-түз натыйжасы”, - деп өз баасын берди.

Газага кеткен үч суу түтүкчөсүнөн бирөө гана иштеп жатканын белгилеген Сандерс, БУУнун Газада учурда 570 миң кишинин ачарчылыкка тете «катастрофалык ачарчылык» менен бетме-бет келгенин айтканына көңүл бурду.

Газада саламаттыкты сактоо кызматтарынын токтоп калганын белгилеген Сандерс: “Бүгүн Газадагы жашоо ушундай. Америка эли муну көз жаздымда калтырбашы керек. Байдендин администрациясы муну көз жаздымда калтырбашы керек. Конгресс муну көз жаздымда калтырбашы керек”,-деди.



Тектеш кабарлар