Израиль авиакомпаниясы Түштүк Африкага каттамдарын токтотот
Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN билдиргендей, Эль Ал марттын аягынан тарта Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарына каттамдарын токтоторун жарыялады.
2094178
Израиль авиакомпаниясы El Al Эл аралык Адилеттик Сотунда Израилге каршы геноцид доосун ачкан Түштүк Африкага каттамдарын токтото тургандыгын жарыялады.
Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN билдиргендей, El Al марттын аягынан тарта Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарына каттамдарын токтоторун жарыялады.
Бир тараптан Times of Israel гезитинин компаниянын басма сөз катчысына таянып берген кабарында Түштүк Африканын Тель Авив башаруусуна каршы ачкан геноцид доосунан кийин Израиль жарандарынын Түштүк Африкага учууну каалабагандары жана каттамдарын токтоткону белгиленди.
Тектеш кабарлар
АКШда Орусиядан уран импорттоого тыюу салынды
АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.