Кытайда картайган аял байлыгын иттерине калтырды
Картайган аял мунун себеби катары үй жаныбарларынын өзүнө жан жолдош болгонун, балдарынын бир жолу да көрүү үчүн келбегенин айтты.
Кытайда картайган бир аял 2,8 миллион долларлык байлыгын балдарынын ордуна иттери менен мышыктарына калтырууну чечти.
Картайган аял мунун себеби катары үй жаныбарларынын өзүнө жан жолдош болгонун, балдарынын бир жолу да көрүү үчүн келбегенин айтты.
Кытайдын Шанхай шаарында жашаган аял картайганда балдарынын карабагандыгын, үй жаныбарларынын шартсыз ага жан жолдош болушу менен керээзин өзгөрттү.
Кытайдагы жаныбарларга түздөн түз мурас калтырууга тоскоол болгон мыйзамдуу кыйынчылыктардан улам мурастын башкаруучусу катары жергиликтүү ветеринардык клиника дайындалды.
2007 - жылы АКШда да ушуга окшогон окуя болгон.
Туризм оператору Леона Хелмсли 12 миллион долларды трасттык фондго Тробл аттуу итинин ден соолугу үчүн мурас калтырган.
Тектеш кабарлар
АКШда Орусиядан уран импорттоого тыюу салынды
АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан темага байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.