Хамастын ок атышпоо шарты

Хамас кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Усама аль - Хамдан Израиль менен ыктымалдуу туткун алмашуу келишиминин бир шарты Газа тилкесиндеги чабуулдарды толугу менен токтотуу экенин айтты.

2093833
Хамастын ок атышпоо шарты

 Хамас кыймылынын саясий бюросунун мүчөсү Усама аль - Хамдан Израиль менен ыктымалдуу туткун алмашуу келишиминин бир шарты Газа тилкесиндеги чабуулдарды толугу менен токтотуу экенин айтты.

Аль - Хамдан Хамастын Ливандын борбор шаары Бейруттагы кеңсесинде  111 күндөн бери Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газа тилкеси тууралуу маалымат берди.

Израиль менен Хамастын ортосунда жаңы туткун алмашуу келишими жана кол салуулардын толугу менен токтотулушу үчүн ортомчу өлкөлөрдүн сунуштарына олуттуу түрдө баа бергендерин белгилеген аль - Хамдан : «Кармалган сионист аскерлер тирүү үй  - бүлөлөрү менен жолугуша алышы үчүн элибизге карата кол салуулардын толугу менен токтотулушу керектигин баса белгилеп жатабыз»,- деди.  

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун  кыял дүйнөсүндө экендигин, Газага карата согушту улантуу менен айрым максаттарына жетүүнү каалагандыгын айткан аль  -  Хамдан : «Газа анын кыялдары, пландары, түшү жана армиясынын мазары гана болот»,- деди.

Аль  -  Хамдан Нетаньяхунун элине өз жалгандарын жана кыялдарын сатууга аракет кылганын, «күн сайын  каза болгон же Хамастын колунда туткун болгон Израиль аскерлери Нетаньяхуну кызыктырбай» тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар