ПКК Духокто Пешмерге күчтөрүнө кол салды

Ирак күрт аймактык башкаруусу террор менен күрөшүү бөлүгүнүн расмий Фейсбук эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

2093385
ПКК Духокто Пешмерге күчтөрүнө кол салды

ПКК террордук уюму Ирак күрт аймактык башкаруусуна караштуу Пешмерге күчтөрүнө кол салды.

Ирак күрт аймактык башкаруусу террор менен күрөшүү бөлүгүнүн расмий Фейсбук эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө ПКК террористтеринин Духоктун Амеди районунда кечээ Пешмерге күчтөрүнүн көзөмөлдөө жерине ракета менен кол салуу жасагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө пешмерге күчтөрүнүн да турган жеринде коргонууга өткөнү белгиленип : «ПКК мүчөлөрүнүн бул аракети аймактын коопсуздугун жана ырааттуулугун бузууга багытталган кол салуулардын алкагында. ПКК аймактык кутумдун бир бөлүгү болду»,- деп айтылды.

Билдирүүдө Ирак күрт аймактык башкаруусунун аймактык конкуренциянын эсептешүү аянты болбой тургандыгы бирок коргонуу укугунун бар экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар