Малиде алтын кени урады
Кыйроодо 70 киши каза болду.
2093338
Африканын үчүнчү эң чоң алтын өндүрүүчүсү болгон Малиде мыйзамсыз алтын кенинин кыйрашынан улам 70 киши каза болду.
Тоо - кен башкармалыгынын жогорку мартабалуу кызматкеринин айтымында, түштүк - батыштагы Коуликоро районунда мыйзамсыз иштетилген алтын кени ураган.
Жетекчи окуяда кеминде 70 кишинин каза болгонун, издөө - куткаруу иштеринин уланганын белгиледи.