Түштүк уюлда 4 жаңы император пингвиндер колониясы табылды

Жаңы колониялардын табылышы менен Түштүк уюлундагы император пингивиндер колониясынын саны  66га жетти.

2092875
Түштүк уюлда 4 жаңы  император пингвиндер колониясы табылды

Түштүк уюлда спутниктин жардамы менен жүргүзүлгөн байкоолордун натыйжасында 4 жаңы император пингвиндер колониясы табылды.

Британия Антарктика изилдөө институтунун (BAS) билдирүүсүнө караганда, колониялардын өзгөргөн мөңгү шарттарына байланыштуу орун алмаштыргандыгы жана ушул алкакта жаңы көбөйүү аянттарынын спутниктер менен изилдөөгө алынгандыгы  белгиленди.

Билинген колониялардын  30 километрден ашуун жер алмаштыргандыгы белгиленген билдирүүдө спутниктер менен жүргүзүлгөн байкоо учурунда буга чейин кездешилбеген 4 жаңы император пингивиндер колониясынын табылгандыгы айтылды.

Билдирүүдө табылган колониялардын биринин буга чейин жок болгондугу аныкталган  Галли булуңу колониясынын кайрадан чогулушу менен пайда болгон жана Макдоналд муз тоолорунда жашагандыгы маалымдалды.

Колониянын жаңы жеринин мурункусунан  30 километр чыгышта экендиги жана балдарын Брунт аймагында дүйнөгө алып келгенден кийин бул жерге келгендиги да билдирүүдө орун алды.

Жаңы колониялардын табылышы менен Түштүк уюлундагы император пингивиндер колониясынын саны  66га жетти.



Тектеш кабарлар