Түндүк Корея канаттуу ракеталарын учурду
Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында учурулган ракеталардын Түндүк Кореянын сентябрдан кийин сынаган биринчи канаттуу ракеталары экени белгиленди.
Түндүк Кореянын Сары деңизди көздөй канаттуу ракеталарын учурганы кабарланды.
Түштүк Кореянын Башкы штабынын билдирүүсүндө, жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00 чамасында учурулган ракеталардын Түндүк Кореянын сентябрдан кийин сынаган биринчи канаттуу ракеталары экени белгиленди.
Түштүк Корея армиясынын кыраакылык күчүнүн жогорулатылганы айтылган билдирүүдө: «Түндүк Кореянын провокацияларын көзөмөлдөө үчүн АКШ менен кызматташып иштеп жатабыз»,-деп маалымдалды.
«Хвасал-1» же «Хвасал-2» тибиндеги жана кургактан учурулганы болжолдонгон, саны такталбаган ракеталардын кыска аралыкка учуучу эмес экени кабарланды.
Түндүк Корея маалымат агенттигинин (KCNA) 19-январдагы кабарына караганда, иштелип жаткан «Хаел-5-23» суу астындагы өзөктүк курал системасы да өлкөдө сыноодон өткөрүлгөн.
Тектеш кабарлар
Израиль армиясынын Женинге кол салуусунда 8 киши каза болду
Бул кол салууларда 21 палестиналыктын жараланганы кабарланды.