Швеция Түркиянын чечимине ыраазы

Ульф Кристерссон социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2092521
Швеция Түркиянын чечимине ыраазы

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон өлкөсүнүн НАТОго кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоору Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңешинде кабыл алынгандан кийин толук мүчөлүккө бир кадам жакындагандарын айтты.

Ульф Кристерссон социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бүгүн НАТОнун толук кандуу мүчөсү болууга бир кадам жакындадык. Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңешинде Швециянын НАТОго кошулушу боюнча добуш берүүсү оң натыйжа берди»,-деди.

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Билстрем да X баракчасындагы билдирүүсүндө: «Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын бүгүн Швециянын НАТО арызына "ооба" деп добуш бериши алгылыктуу кадам. Эми президент (Режеп Таййип) Эрдогандын бекитүү документине кол коюшун күтүп жатабыз. Швеция ишенимдүү, тилектеш жана чечкиндүү НАТО мүчөсү болот»,-деп баа берип: «Мындан ары да террорго каршы күрөшүбүз Түркия менен тыгыз кызматташтыкта ​​уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар