Шиңжаң - Уйгур автономдуу аймагында болгон жер титирөө

Кытайдын Шиңжаң  автономдуу аймагында болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөгү алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 киши каза болуп, 5 киши жаракат алды.

2092618
Шиңжаң  -  Уйгур автономдуу  аймагында болгон жер титирөө

Кытайдын Шиңжаң  автономдуу аймагында болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөгү алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 киши каза болуп, 5 киши жаракат алды.

Кытайдын Жер титирөөлөр желеси борбору очогу Аксу облусунун Үчтурфан районунун  50 километр батышы болгон  7,1 баллдык термелүүнүн болгондугун билдирген. 

Жергиликтүү башкаруудан берилген кабарга караганда, Казакстан жана Кыргызстан чек араларына жакын тоолуу аймактарда болгон жер титирөөдө алгачкы белгилөөлөргө караганда 3 киши каза болуп, 5 киши жаракат алган. 

Кытайдын Кыргызстан жана Казакстан чек араларына чейин созулган Теңир тоолорунун (Тянь  -  Шань) этектеринде калк аз жашаган элет аймагында болгон жер титирөөнүн очогуна  20 километр алыстыктагы  5 айылда кыйроого жол ачты.

Аймакта 47 үй кулап араларында дачалар, күнөсканалар, малканалар болгон  120дан ашуун курулуш жабыркаган.

Шиңжаң жер титирөөлөрдү башкаруу төрагасы Жанг Йонциу  жер титирөөнүн деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктиктиктеги эл аз жашаган  аймакта болушу кыйроо таасирин азайткандыгын белгилеп : "7,1 баллга жеткен жер титирөө абдан күчтүү жер титирөө бирок каза болгон жана жаракат алгандар көп эмес",- деди. 

Жер титирөө Кыргзыстан, Казакстан жана Өзбекстанда да сезилди. 

 



Тектеш кабарлар