Хамас кечээки кол салуу тууралуу билдирди

Газа тилкесине карата кол салуулар башталган  7 -  октябрдан бери  556 Израиль аскеринин  алардын ичинен 221нин  кургактыктан жүргүзүлгөн операцияда өлтүрүлгөндүгү маалымдалган болчу.

2092733
Хамас кечээки кол салуу тууралуу билдирди

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал  - Кассам бригадалары Газа тилкесинин борборундагы Ел  -  Мегази качкындар лагеринде бир Израль аскердик күчүн бутага алган жана  21 аскер өлтүрүлгөн кол салуу тууралуу маалымат берди. 

Кассам бригдалары бул тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө Кассам согушкерлеринин Мегази лагеринин чыгышында Израиль күчтөрү болгон бир үйдү ракета менен бутага алгандыгы белгиленди. 

Ракеталык кол салуунун натыйжасында  үйдүн ичиндеги ок  - дарылардын да жардырылгандыгы, ошол эле учурда Израиль күчтөрүнө таандык бир танктын да  105 миллиметрдик "Ясин" танкка каршы ракеталары менен жок кылынганы билдирилди.

Каршылык көрсөткөндөрдүн жакын жердеги башка бир Израиль аскер тобун да бутага алып, мина талаасын жардырышканы белгиленди. Кол салууда бардык Израиль аскерлеринин каза болгондугу же жараланганлыгы маалымдалды. 

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари кечээ өткөргөн пресс -  жыйынында  Газанын борбордук бөлүгүндө  Израиль чек арасына жакын аймакта Израиль  күчтөрүнө таандык бир танктын  ракеталар менен  бутага алынганын билдирген.

Газа тилкесине карата кол салуулар башталган  7 -  октябрдан бери  556 Израиль аскеринин  алардын ичинен 221нин  кургактыктан жүргүзүлгөн операцияда өлтүрүлгөндүгү маалымдалган болчу. 

 

 

 



Тектеш кабарлар