Израиль армиясы: "Газа тилкесинде 18 аскер жараат алды"

2023-жылдын 7-октябрынан бери 2710 израилдик аскер жараланды, алардын 1250сү Газадагы кагылышууларда болду.

2093029
Израиль армиясы: "Газа тилкесинде 18 аскер жараат алды"

Израиль армиясы акыркы 24 саатта Газа тилкесинде 18 аскеринин жараланганын кабарлады.

Израиль армиясынын билдирүүсүнө караганда, 2023-жылдын 7-октябрынан бери 2710 израилдик аскер жараланды, алардын 1250сү Газадагы кагылышууларда болду.

Газа тилкесинде жараланган израилдик аскерлердин саны акыркы 24 саатта 18ге көбөйдү.

Израиль армиясы 40ы оор 406 жараланган аскердин ооруканада дарыланып жатканын маалымдады.

Армиянын интернет сайтында Газадагы кагылышууларда каза болгон аскер саны 221ден 219га кыскартылып, бирок себебине байланыштуу эч кандай түшүндүрмө берилген жок.



Тектеш кабарлар