Ирандын президенти Реиси Түркияга келди

Президент Эрдоган Ирандын президентин борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексинде расмий азем менен тосуп алды.

2093045
Ирандын президенти Реиси Түркияга келди

Ирандын президенти Ибрахим Реиси президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга расмий сапар менен келди.

Президент Эрдоган Ирандын президентин борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексинде расмий азем менен тосуп алды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматта сапардын алкагында Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги Кызматташтык Кеңешинин сегизинчи жыйыны Анкарада президент Эрдоган жана Реисинин жетекчилигинде өткөрүлө турганы белгиленди.

Маалыматта жолугушууда Түркия-Иран карым-катнаштары бардык өңүттөн карала турганы жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдардын сүйлөшүлөрү белгиленди.

Жыйналыштын алкагында «Жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардан тышкары, актуалдуу аймактык жана глобалдык маселелер, өзгөчө Израилдин Газага жана басып алынган Палестина аймактарына кол салуулары боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле мамилелердин келишимдик негиздерин чыңдоого багытталган түрдүү документтерге кол коюлушу да күн тартибинде» экени белгиленди.



Тектеш кабарлар