Байдендин сөзү "Геноцидди каржылоону токтоткула" деген ураан менен бир нече жолу үзгүлтүккө учурады

Жо Байден барган Виржиния штатынын Манасас аймагындагы активисттер тобу Газа тилкесинде "Израилдин  калкка каршы геноцидине колдоо көрсөтүү" менен айыпталды.

2092555
Байдендин сөзү "Геноцидди каржылоону токтоткула" деген ураан менен бир нече жолу үзгүлтүккө учурады

АКШнын президенти Жо Байдендин  катышкан бир шайлоо жыйынындагы сүйлөгөн сөзү Палестинаны колдогон митингчилер тарабынан "Геноцидди каржылоону токтоткула" деген ураан менен бир нече жолу үзгүлтүккө учурады.

Жо Байден барган Виржиния штатынын Манасас аймагындагы активисттер тобу Газа тилкесинде "Израилдин  калкка каршы геноцидине колдоо көрсөтүү" менен айыпталды. 

Байдендин сөзүн  9 - 10 жолу үзгөн Палестинаны колдогон митингчилер  "Геноцидди каржылоону токтоткула" деген ураан чакырышты. Андан кийин залдын кызматкерлери тарбынан тышка чыгарылган митингчилер чыгып баратып да Палестина үчүн ураан чакырууну улантышты. 

Байдендин кампаниясына залдын тышында да нааразычылык билдирген айрым митингчилер Израилдин Газада "29 миң кишини өлтүргөндүгүн, мунун "өзүн коргоо" деген шылтак менен түшүндүрүлө албай тургандыгын билдиришти. 

Митингчилер  өзгөчө кызыл түстүү суюкутукка малынган куурчактар жана желим бөтөлкөлөрдөгү кан түсүндөгү суюктуктарды Байден сөз сүйлөгөн имараттын маңдайына ташташты. 

Митингчилер ачкан чоң баннерлер менен АКШнын Израилге берген жардамдарын толугу менен токтотуусу керектигине көңүлдөрдү буруп, антпесе быйылкы шайлоодо Демократиялык партияга добуш бербей тургандарын билдиришти.

 



Тектеш кабарлар