АКШ Иракта үч объектке кол салды

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Остин анын аскердик күчтөрдүн Ирактагы Иран колдогон куралдуу топторго таандык үч объектке кол салганын жарыялады.

2092536
АКШ Иракта үч объектке кол салды

Америка Кошмо Штаттарынын  коргоо министри Ллойд Остин  аскердик күчтөрдүн Ирактагы Иран колдогон куралдуу топторго таандык үч объектке кол салганын жарыялады.

Ллойд Остин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Жо Байдендин көрсөтмөсү менен Иракта Иран колдогон куралдуу топтор колдонгон 3 объектке сокку урулганын жарыялады.

Кол салууларды "зарыл" жана «пропорционалдуу» деп мүнөздөгөн Остин : "Бул кол салуулар иран колдогон куралдуу топтордун Ирак жана Сирияда, АКШ жана Коалиция кызматкрелерине карата күчөгөн бир топ кол салууларга жооп катары жасалууда",- деди. 

Остин АКШнын кызыкчылыктарын коргоо үчүн керектүү кадамдарды таштоодон тартынбай тургандарын белгилеп, аймактагы кагылышууларды күчөтүүгө аракет кылышпагандарын айтты жана Иран колдогон кол салууларды дароо токтотууга чакырды. 

Иракта жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыяланган кабарда АКШ учактарынын Бабилдин Журф аль-Сахар аймагындагы Хашд аль-Шааби аскердик факультетин бомбалаганы, кол салууда каза болгон жана жаралангандардын бар экендиги билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар