Зеленский Орусиянын кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко болсо социалдык тармактагы баракчасынан, орус армиясынын эртең менен Украинанын шаарларына ракеталык чабуул жасаганын кабарлады.

2092443
Зеленский Орусиянын кол салууларына байланыштуу билдирүү жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын бүгүн Украинанын борбор шаары Киевге, ошондой эле Харьков жана Павлоград шаарларына ракеталык чабуулдарынан кеминде 6 адам каза болуп, 73 кишинин жаракат алганын билдирди.

Зеленский социалдык медиа аккаунтунан, орус армиясынын бүгүн Украинанын шаарларына жасаган ракеталык чабуулдарына сереп салды.

Кол салуу болгон жерлерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын айткан Зеленский: «Учурда Киевде душмандын чабуулунан 22 адам жарадар болду. Алдын ала маалыматтар боюнча Харьковдогу теракттан 5 адам каза таап, 4ү бала 51 адам жаракат алды. Урандылардын астынан 27 адам куткарылды»,-деди.

Зеленский Павлоградда болсо бир адамдын каза болгонун билдирди.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко социалдык тармактагы баракчасынан, орус армиясынын эртең менен Украинанын шаарларына ракеталык чабуул жасаганын кабарлады.

Орусиянын кол салуусунан улам борбор калаа Киев жана айланасында турак үйлөрдө жана унааларда өрт чыкканын белгилеген Клименко, орус ракетасынын Харьков шаарында 2 турак үйгө тийгенин маалымдады.

Клименко окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын жана кол салуулардын полиция тергөөчүлөрү тарабынан катталганын айтып, бул кол салууларды «адам өмүрүн алган жана жүздөгөн адамдарды үй-жайсыз калтырган террордук кол салуу» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар