Немис саясатчы : БРЕКСИТ биз үчүн үлгү болушу мүмкүн

Германия үчүн альтернатив партиясынын лидери Элис Вайдель Европа Биримдигинен чыгышы Германия үчүн бир мисал боло аларын белгиледи.

2092204
Немис саясатчы : БРЕКСИТ биз үчүн үлгү болушу мүмкүн

Германия үчүн альтернатив партиясынын лидери Элис Вайдель Британиянын Европа Биримдигинен чыгышы Германия үчүн бир үлгү боло аларын белгиледи. Немис саясатчы Financial Timesка берген маегинде бул моделдин Германия үчүн да колдонула аларын белгиледи. Өкмөт алмаша турган болсо партиясынын Европа Биримдигинде бир реформа ишке ашырылуу менен башка мүчө өлкөлөрдүн демократиялык кемчиликтерин жоюга аракет кыларын белгилеген Вайдель мында ийгиликсиз  боло турган болсо, Германиянын Европа Биримдигинде калып калбашы үчүн референдумдун өткөрүлүшү мүмкүн экендигин айтты. 

Бир тараптан немис өкмөтү Германия үчүн альтернатив  партиясынын лидеринин бул билдирүүлөрүнө тынчсыздандыруучу деп баа берди. Бул тууралуу Германиянын Федералдык экономика министрлигинин кеңешчиси Франциска Брантнер Германиянын Европа Биримдигинен чыгышынын бейпилдиктин пайдубалын солкулдатышы мүмкүн экендигин ортого салды. Братнердин айтымында  Европа ички базары Германиянын экспортчу өлкө катары экономикадагы ийгилигин коркунучка түртөт. Жашылдар партиясынын саясатчысынын айтымына караганда Германия үчүн альтернатив партиясы немис экономикасына, ишканаларына жана кызматкерлерине чоң зыян келтириши мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар