Германияда Вайдель париясы бийликке келсе Евробиримдикти реформалоого аракет кылышарын айтты

Financial Times гезитине жасаган билдирүүсүндө Элис Вайдель AfD өкмөтү Евробиримдиктин «демократиялык кемчиликтерин» жоюу үчүн реформа жасоого аракет кылаарын айтты.

2092275
Германияда Вайдель париясы бийликке келсе Евробиримдикти реформалоого аракет кылышарын айтты

Германияда ашынган оңчул Германия үчүн альтернатива (AfD) партиясынын теңтөрагасы Элис Вайдель бийликке келсе Евробиримдикти реформалоого аракет кылышаарын, бирок андай болбосо ЕБден чыгуу үчүн референдум өткөрүшөрүн айтты.

Financial Times гезитине жасаган билдирүүсүндө Элис Вайдель AfD өкмөтү Евробиримдиктин «демократиялык кемчиликтерин» жоюу үчүн реформа жасоого аракет кылаарын айтты.

Реформа демилгеси мүмкүн болбой турган болсо Вайдель: «Эгер мындай реформа мүмкүн болбосо жана биз Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн калыбына келтире албасак, анда Улуу Британиядагыдай жарандар чечиши керек. Андан кийин биз «Дексит» боюнча референдум өткөрөбүз»,-деп айтты.

AfD саясатчысы Улуу Британиянын Евробиримдиктен эгемен чечим катары чыгуусун толугу менен туура көргөнүн белгилеп, 2016-жылдагы бул референдум Германия үчүн үлгү болгонун белгиледи.

Элис Вайдель AfD үчүн узак мөөнөттүү келечекте Германиядагы өкмөткө катышуусун «сөзсүз» деп мүнөздөдү.

Христиан-Демократиялык Биримдик партиясынын (CDU) алар менен бирге өкмөт түзүшүнө ишарат кылган Вайдель : «CDU каршылык көрсөтүүдөн баш тарткан биринчи партия болот. CDU өзгөчө чыгыш штаттарында узак мөөнөттө мындан баш тарта албайт»,- деди.



Тектеш кабарлар