Палестинаны колдоо митингдери

Брюсселдин Түндүк темир жол вокзалынын алдына чогулган митингчилер, Жан Рей аянтына жөө басышты.

2091731
Палестинаны колдоо митингдери

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулган миңдеген адам Газада ок атышпоо чакырыгы менен жүрүш уюштурушту.

Брюсселдин Түндүк темир жол вокзалынын алдына чогулган митингчилер, Жан Рей аянтына жөө басышты.

Катышуучулар «Палестина үчүн адилеттик» сыяктуу ураандарды жана «Газадагы балдарды куткаргыла», «Ок атышпоо, азыр!», «Палестиналыктардын укуктары адам укуктары болуп саналат» деп жазылган баннерлер, ошондой эле Эл аралык адилеттик соттунда Израилге каршы геноцид доосун койгон Палестина менен Түштүк Африка Республикасынын желектерин да көтөрүп жүрүштү.

Митингчилердин арасында Социалисттик партиянын төрагасы Пол Магнетт да болду.

Магнетт митингдин видеосун X социалдык медиа баракчасынан бөлүшүп, Газада ок атышууну тез арада токтотууга чакырды.

Палестина элине колдоо жана тилектештик демонстрациясы Албаниянын борбор шаары Тиранада да өттү.

Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын чакыруусу менен борбор шаар Тирананын Скандербег аянтында жүздөгөн киши чогулду.

Палестинанын желектерин көтөргөн демонстранттар Израилдин геноцид, этникалык тазалоо, кыргын жана палестиналыктарга кол салууларын айыптап, алардын токтотулушун талап кылышты.

Демонстранттар «Эки мамлекеттүү чечим», «БУУ чечимдерин ишке ашыргыла», «Израилдин Газадагы согуш кылмыштарын токтоткула», «Газада геноцидди токтоткула», «Эркин Палестина» жана «Газадагы бомбалоолорду токтоткула» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.



Тектеш кабарлар