Орусия Крохмальне конушун каратып алды

Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттерине байланыштуу маалыматтар орун алды.

2091450
Орусия Крохмальне конушун каратып алды

Орусия Украинанын Харьков аймагындагы Крохмальне калктуу конушун көзөмөлгө алганын билдирди.

Коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө орус аскер күчтөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттерине байланыштуу маалыматтар орун алды.

Билдирүүдө орус армиясынын Украинадагы «атайын аскердик операциянын» алкагында иш-аракеттерин улантканы белгиленип,«Купянск багытындагы батыштагы аскерлер тобунун аскерлеринин ийгиликтүү аракеттеринин натыйжасында Харьков областындагы Крахмальное (Крохмальне) поселогу бошотулду» деген маалымат берилген.

Билдирүүдө Украина армиясына таандык 43 учкучсуз учуучу аппараттын Харьков, Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарында атып жок кылынганы белгиленди.

Анда, «Аскердик операция башталгандан бери Украина армиясына таандык 567 учак, 265 тик учак, 10 миң 957 учкучсуз учуучу аппарат (УУА), 450 абадан коргонуу ракеталык комплекси, 14 миң 708 танк жана бронетехника, 1203 көп стволдуу ракета аткычтар, 7 миң 799 гаубицалар жана минометтор, 17 миң 698 атайын аскердик унаа жок кылынды»,деген билдирүүлөр камтылган.

Министрликтин билдирүүсүндө ошондой эле Украина армиясынын Орусия аймагына кол салууга аракет кылганы жана 3 ракетанын Кара деңиздеги Крым жарым аралына жакын жерде орус абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Крым 2014-жылы Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган.



Тектеш кабарлар