Ирактагы америкалык базага кол салуу болду

Билдирүүдө жаралууларды текшерүү жана базадагы зыянды аныктоо иштеринин уланып жатканы баса белгиленди.

2091387
Ирактагы америкалык базага кол салуу болду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ирактагы Айн аль-Асад аба базасына ракета жана снаряддар менен кол салууларда жарадар болгондор бар экени билдирилди.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) билдирүүсүндө,«20-январда Багдад убактысы боюнча саат 18.30дар чамасында Ирактын батышында Иран колдогон согушкерлер тарабынан Айн ал-Асад аба базасын бутага алган көптөгөн баллистикалык ракеталар жана снаряддар учурулган. Ракеталардын көбү базанын абадан коргонуу системалары тарабынан тосулган болсо, башкалары базага тийди»,деген маалымат берилди.

Билдирүүдө базадагы зыянды аныктоо иштеринин уланып жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле билдирүүдө, «АКШнын бир нече кызматкери кол салуудан улам баш мээсинен жаракат алганы үчүн текшерилип жатат»,деген сөздөр камтылган.



Тектеш кабарлар