Пентагон Ирак жана Сириядагы АКШ күчтөрүнө 140 кол салуу жасалгандыгын билдирди

Пентагондун катчы орун басары Сабрина Сингх күнүмдүк маалымат жыйынында Жакынкы Чыгыштагы окуяларга баа берди.

2090830
Пентагон  Ирак жана Сириядагы АКШ күчтөрүнө  140 кол салуу жасалгандыгын билдирди

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 17 -  октябрдан бери Ирак жана Сириядагы АКШ күчтөрүнө карата 140 кол салуу жасалгандыгын билдирди.

Пентагондун катчы орун басары Сабрина Сингх күнүмдүк маалымат жыйынында Жакынкы Чыгыштагы окуяларга баа берди.

17 - октябрдан бери Ирак жана Сириядагы АКШ базаларына жалпы 140 кол салуу жасалганын белгилеген Сингх, алардын 57си Иракта, 83ү Сирияда болгондугу тууралуу маалыматты

Сингх Кызыл деңизде соода кемелерине жасалган кол салууларга да токтолуп, Йемендеги хусилерге буларды токтотуу боюнча  чакыруусун кайталады.

Бир журналисттин   Израиль  Газага кол салууларын токтото турган болсо  хусилердин да аракеттерин токтоторун билдиргенин эске салуусу менен Сингх Кызыл деңизде болгондор менен Газада болгон окуялардын ортосунда эч кандай байланыштын жок экенин айтты.

АКШ башкаруусу кечээ Йеменде хусилердеп билинген Ансаруллах кыймылын Кызыл деңиздеги кол салууларынан улам кайрадан «чет элдик террордук уюмдар» тизмесине алган.

 



Тектеш кабарлар